"Тукумдан кыр издебегиле". Бакиров кызыл чеке болгон депутаттарды күлкүгө салды

Эки мыйзамдын авторлору талашып жатканда, Өмүрбек Бакиров микрофонго чыгып сүйлөгөндө депутаттардын баары каткырды.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Парламенттин жалпы жыйынында депутаттар шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун кызыл-чеке түшүп талкуулап жатышат.

"Тост сүйлөп жаткандайсыз". Депутаттын ЖКнын төрагасын какшыктаган видеосу
Себеби буга чейин депутаттар Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев шайлоо босогосун 5 пайызга түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ал көптөн бери күн тартибине киргизилбей кармалып турган болчу.

Деген менен жакында эле Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Азиз Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов башында турган 21 депутат босогону 7 пайыз деп белгилөөнү демилгелеп, мыйзам долбоору бүгүн биринчи окууга киргизилди.

Мындан улам эки документтин авторлору ортосунда талаш жаралып, талкуу болуп жаткан маалда Өмүрбек Бакиров чыгып сүйлөп, депутаттары күлдүрдү.

"Мен ушул мыйзамдын демилгечилеринин биримин. 7 пайыздык босогону коомчулук каалаганы үчүн алып чыгып жатабыз. Бул жерде популист болуп кыйкырбай, 2017-жылы 9 пайыздык чек кабыл алынып жатканда "5 пайызга түшүрөлү" деп кыйкырбайт белеңер. Ошондуктан бул жерде тукумдан (кайра сөзүн оңдоп), жумурткадан кыр издебеш керек", — деп айтары менен залда отургандардын баары күлүп жиберди.

Андан соң төрага Дастан Жумабеков "жакшы болду, көңүлдү көтөрүп койдуңуз" деп тамашалады.

Эскерте кетсек, 2010-жылы шайлоо босогосу 5 пайызды, 2015-жылы 7 пайызды түзгөн. Андан соң 2017-жылы мыйзамга кайрадан өзгөртүү киргизилип, 9 пайыздык чек коюлган.