БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Өлкө аймагында бүгүн 23 адамдан коронавирус аныкталган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Ушуну менен республикада коронавирус такталган 1067 учур катталды.
Ушу тапта Кыргызстанда кырдаал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.