Былтыр Кыргызстанда канча алтын казылып, канча акча түшкөнү белгилүү болду

Казып алынган алтындан Кыргызстандын казынасына 12,9 миллиард сом түшкөн. Анын негизгиси Кумтөр кени экени маалым.
Sputnik

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда 26,1 тонна алтын казып алынды. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте 2019-жылга карата өкмөттүн отчетун берип жатып билдирди.

Ибраев: былтыр 73 400 тонна концентрат өлкөдөн чыгарылган
Анын айтымында, казылган алтындан казынага 12,9 миллиард сом түшкөн. Бул 2018 жылга салыштырмалуу 1,5 миллиард сомго көбүрөөк. Ошол эле учурда былтыр андан мурунку жылга караганда 2,9 тоннага көбүрөөк алтын казылган.

Алтындын негизги бөлүгү Кумтөр кенинен алынса, калган 7,4 тоннасы Куру-Тегерек, Жер-Үй сыяктуу башка кендерден казып алынганын белгиледи өкмөт башчы.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги курамында алтын, күмүш, жез өңдүү баалуу металлдар бар концентрат кайсы өлкөлөргө кетип жаткандыгы тууралуу материал даярдаган.