Кийинсем жетишпей калам. АКШда коргоочу костюму жок иштеген медайым көз жумду

Бейтаптын дем ала албай жатканын көргөн медайым кийингиче убакыттан уттурам деп шашып кирип кеткен. Анткен менен ал жердегилер коргоочу бет каптар жетишсиз болгонун айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. АКШнын Лос-Анджелес аймагында коронавирусту жуктурган бейтапты жандандырган медайым эки жумадан кийин өзү инфекциядан көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Англия: кош бойлуу экендигин билбей жүрө берген медайым көз жарды
Кесиптештеринин айтымында, медицина кызматкери оорулууга коргоочу костюмсуз жардам көрсөткөн. Кишинин дем ала албай калганын көргөн медайым кийингиче убакыттан уттурам деп шашып кирип кеткен.

Ошол эле учурда басылмада аялдын өлүмүнүн башкача версиясы да келтирилген. Атын атагысы келбеген медайым ооруканада кызматкерлер үчүн коргоочу бет каптар жетишсиз болгонун айтып чыккан. Эмгекти коргоо боюнча жергиликтүү департамент аялдын өлүмүн жеке коргонуу каражаттарынын тартыштыгы менен байланыштырган. Ал эми оорукананын кызматкерлери бул айыптоолорду четке кагууда.

Жонс Хопкинс университетинин эсептөөлөрүнө ылайык, каза болгондор жана жуктургандардын саны боюнча АКШ биринчи орунда турат. Өлкөдө 1,3 миллион кишиде вирус аныкталып, 80 миңден ашуун бейтап көз жумган.