БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Өзбекстандын Евразия экономикалык биримдикке байкоочу өлкө катары катышып жатканы республикада жүрүп жаткан реформага терс таасирин тийгизбейт. Мындай оюн Өзбекстандын вице-премьери, экономикалык өнүктүрүү жана жакырчылыкты кыскартуу министри Жамшид Кучкаров билдиргенин Sputnik Өзбекстан жазды.
Жакында эле Олий Мажилис сенатында парламенттин жогорку палатасынын пленардык жыйыны болгон. Анда Өзбекстандын ЕАЭБге байкоочу өлкө катары катышуу сунушу жактырылган.
"Бул Өзбекстанда жүрүп жаткан реформага терс таасирин тийгизбейт деп ишендирип кетейин. Эң биринчи кезекте өлкө ЕАЭБге байкоочу катары кириши керек. Бул деген Өзбекстан биримдикте чечим чыгаруу процессинен башка жумушчу органдарынын бардык ишмердүүлүгүнө катыша алат дегенди түшүндүрөт. Мындай кадам мамлекетте атаандаштыкты күчөтөт. Кааласак-каалабасак да биз бул рынокто өзүбүздүн ордубузду табышыбыз керек. Ал үчүн экономика тармагында атаандаштык жөндөмдүүлүгүн күчөтүшүбүз зарыл", — деген Кучкаров.
Кучкаров ЕАЭБге байкоочу өлкө катары катышуу экономиканы талкалабай турганын, тескерисинче, аны өнүктүрүп, Өзбекстанда жүрүп жаткан реформага түрткү болорун баса белгилеген.
Аткаминер сенаторлорду байкоочу өлкө статусу Өзбекстандын экономикалык реформа жасоосуна эч кедергисин тийгизбей турганына ишендирип кетти. Ал президент Шавкат Мирзиёев мамлекет өзүнүн экономикалык саясатын эркин жүргүзө аларын бир нече жолу айтканын да эскерткен.