БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча текшерүү башталды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.
Маалыматка караганда, материалдар Башкы прокуратуранын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 323 ("Мыйзамсыз баюу") жана 324-беренеси ("Кызмат адамдарынын ишкерликке мыйзамсыз түрдө аралашуусу") боюнча катталган. Анын алкагында Финпол сотко чейинки өндүрүш ачканы айтылат.
Азыркы тапта Жумалиевдин мыйзамсыз байыганы туурасындагы фактыны териштирүү жүрүп жатат.
Буга чейин депутат активист Сыймык Жапыкеевдин үстүнөн милицияга арыз жазган. Анда ал түрдүү чакырыктарды таштап, үй-бүлөсүнө жана жеке өзүнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканына даттанган. Ошону менен бирге жалган маалымат таратып жатканын да териштирүүнү сураган.