Эне жана баланы коргоо борборунда ЛОР менен акушерден коронавирус табылды

Буга чейин аталган борбордун гематология бөлүмүндө эки бейтап баладан, аларды караган үч энеден жана бир дарыгер менен бир кичи медперсоналдан коронавирус чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда иштеген дагы эки медиктен коронавирус аныкталган. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчиси Камчыбек Узакбаев билдирди.

Буга чейин аталган борбордун гематология бөлүмүндө эки бейтап баладан, аларды караган үч энеден жана бир дарыгер менен бир кичи медперсоналдан коронавирус табылган.

Узакбаевдин айтымында, коронавирус жаңы аныкталган эки медик гематология бөлүмүнүн кызматкерлери эмес. Бири борбордун бейтапканасында иштеген ЛОР-дарыгер болсо, экинчиси төрөтканда орто медкызматкер, акушер.

"Биздин ооруканага өлкөнүн ар аймагынан бейтаптар келип тургандыктан, медиктерден 15 күн сайын коронавируска анализ алып жатабыз. ЛОР-дарыгердин биринчи анализи таза чыккан. 10-майда экинчи ирет кайталап алганда канында вирус бар экени аныкталды. Ал гематология бөлүмүнө консультацияга барганын айтты. Ал эми акушерден коронавирус 5-майда эле аныкталган. Андан COVID-19 үчүнчү ирет скрининг кылганда чыкты", — деди Узакбаев.

Эки медик менен байланышта болгондордун баарына тест жасалып, анализдери таза чыкканын кошумчалады. Ал эми илдетке кабылган эки медик учурда жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланып жатканы маалым болду.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1016га жетип, анын ичинен 688и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Турусбеков: алдыда медиктерге кошумча каражат бөлгөнгө эсепте акча жок
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.