Министрлик: COVID-19 боюнча абал курч, элди сак болууга чакырабыз

Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, 1-майдан бери ишмердүүлүгүн баштаган мекемелер тыкыр текшерилип жатат жана арасында талаптарды сактабагандар табылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда коронавирус боюнча абал дагы деле курч бойдон калып жатканын айтып, элди тартипти бекем сактоого чакырды.

"1-майдан бери ишмердүүлүгүн баштаган мекемелерди тыкыр текшерип жатабыз. Арасында айтылган талаптарды сактабагандар бар. Аларга тиешелүү органдар тарабынан чаралар көрүлүп жатат. Айта кетерим учурда абал дагы деле курч бойдон калууда. Эпидемиологиялык абал турукташканга чейин баарыңыздарды тартипти сактап, сак болууга чакырам", — деди Үсөнбаев.

Акыркы суткада 17 киши коронавирусту жеңип чыкты
Эске салсак, акыркы суткада дагы 71 адамдан коронавирус табылды. Алардын ичинен 16сы өлкө аймагында жүрүп жуктургандар болсо, 55и Соль-Илецкиден келгендер. 10-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун учуру 1002ге жетти. Ооруканадан сакайып чыккандардын саны – 675, каза болгондор — 12.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагындагы абалга саресеп салып, тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.