Кызматкерлер үйдөн иштөөсүн улантсын! Бороновдун жетекчилерге кайрылуусу

Учурда министрлик, ведомстволордун жетекчилерине кызматкерлерди болушунча аралыктан иштетүүгө тапшырма берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Өкмөт мындан ары дагы мамлекеттик жана жеке ишканалардын кызматкерлерин дистанттык негизде иштөөгө чакырат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда министрлик, ведомстволордун жетекчилерине кызматкерлерди болушунча аралыктан иштетүүгө тапшырма берилди.

"Ошондой эле жеке компанияларга кызматкерлерине мүмкүн болушунча үйдөн иштешине шарт түзүүсүн сунуштайбыз. Азыр көчөгө чыкпай эле турган туура болот", — деди Боронов.

Бүгүн Дубайдан 177 кыргызстандык учуп келди
Эске салсак, акыркы суткада дагы 71 адамдан коронавирус табылды. Алардын ичинен 16сы өлкө аймагында жүрүп жуктургандар болсо, 55и Соль-Илецкиден келгендер. 10-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун учуру 1002ге жетти. Ооруканадан сакайып чыккандардын саны – 675, каза болгондор — 12.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагындагы абалга саресеп салып, тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.