Министрлик эмне үчүн таксинин ишине гана уруксат берилгенин түшүндүрдү

Майдын башынан тарта үч этап менен бизнестин өкмөт уруксат берген түрлөрү ишки киришкен. 1-май күнү такси кызматы дагы иштей баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. COVID-19 вирусунун жугуу потенциалы күчтүү болгондуктан азырынча таксиге гана уруксат берилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Эске салсак, 1-майдан тарта үч этап менен бизнестин өкмөт уруксат берген түрлөрү ишке киришкен. Такси кызматы дагы иштей баштаган. Ал эми 11-майдан тарта автобустар менен троллейбустар жүргүнчү ташый баштайт.

Үсөнбаев бүгүн аныкталган 71 учурдун 55и Соль-Илецк шаарынан автобус менен келгендер экенин эске салды.

"Алар төрт күн бою автобуста бирге келишти. Бул вирус бат жуккандыктан, коомдук транспортто дагы илештирип алуулар көп болушу мүмкүн. Ошол себептен азырынча таксиге гана уруксат берилди. Анда дагы чектөөлөрү көп", — деди Үсөнбаев.

Ал мындан ары коомдук транспортто жүрүүдө аралыкты сактап, башка адамдарга жакын жолобоого чакырды.

Министрлик: COVID-19 боюнча абал курч, элди сак болууга чакырабыз
Эске салсак, акыркы суткада дагы 71 адамдан коронавирус табылды. Алардын ичинен 16сы өлкө аймагында жүрүп жуктургандар болсо, 55и Соль-Илецкиден келгендер. 10-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун учуру 1002ге жетти. Ооруканадан сакайып чыккандардын саны – 675, каза болгондор — 12.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагындагы абалга саресеп салып, тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.