Боронов: комендатуралардын иши 10-майдын түн жарымында токтойт

Автоунаалардын жүрүшү үчүн өткөрмө уруксат кагаздары керек болбойт. Себеби комендатуранын ыйгарым укуктары аяктайт.
Sputnik

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы комендатуралар 10-майдын түн жарымында ишин токтоторун биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айтты.

Кызматкерлер үйдөн иштөөсүн улантсын! Бороновдун жетекчилерге кайрылуусу
Буга чейин өкмөттөн Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы, Ат-Башы районундагы өзгөчө абал аягына чыгарын билдиришкен. Анын ордуна бир катар аймактарга карантиндик тартип орной турганын айтышкан.

Боронов карантиндик тартип кирген шаар, райондордо иш жергиликтүү бийликке өткөрүп берилерин айтты. Маселен, борбор калаада Бишкек мэриясына же Жарандык коргонууга өтөрүн кошумчалады.

Ал комендатура ишин токтоткондон кийин ары-бери каттоо үчүн тиешелүү өткөрмө кагаздары керексиз болуп каларын билдирди.

Буга чейин Боронов шаардык штабдын чечими менен Чүй облусунда жана борбор калаанын тегерек-четинде жашап, бирок Бишкекте иштесе, жашаган жеринен маалым кат алышы керектигин айткан. Өкмөт ишканалардын жетекчилерине маалыматтарды Салык кызматынын кызматкерлери үчүн күбөлөндүрүшүнө мүмкүнчүлүк түзүп берерин айткан.

Өзгөчө абал бүтөрү менен жаңы эрежелер кирет. Чектөөлөрдүн тизмеси
Акыркы суткада дагы 71 адамдан коронавирус табылды. Алардын ичинен 16сы өлкө аймагында жүрүп жуктургандар болсо, 55и Соль-Илецкиден келгендер. 10-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун учуру 1002ге жетти. Ооруканадан сакайып чыккандардын саны – 675, каза болгондор — 12.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагындагы абалга саресеп салып, тексттик баяндама жүргүзүп жатат.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.