БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бүгүн, 10-майда, Бишкекке Бириккен Араб Эмирлигинен 177 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Алар Дубай — Бишкек чартердик каттамы менен алып келинди.
"COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында жеке коргонуу каражаттарын колдонуу менен жүргүнчүлөр аба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин бир айдан ашык убакыт Соль-Илецкиде турган 541 кыргызстандык автобус менен Бишкекке алып келинген. Бүгүн ал жактан келгендердин ичинен 55инен коронавирус аныкталды.
Азыркы абал
Акыркы суткада дагы 71 адамдан коронавирус табылды. 10-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун учуру 1002ге жетти. Ооруканадан сакайып чыккандардын саны – 675, каза болгондор — 12.
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагындагы абалга саресеп салып, тексттик трансляция жүргүзүп жатат.
Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.