Sputnik агенттигинин колумнисти Алмаз Батилов Улуу Ата Мекендик согушта кан-жанын аябай жерин коргоп, улуу Жеңиш күнүн жакындатууга зор салым кошкон кыргызстандык баатырлардын каармандыгын даңазалоону улантат.
Буга чейин эскерүү макаласынын биринчи бөлүгү чыккан.
Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык жоокер катышкан. Алардын арасында 1395 кыз-келин бар эле.
Алагуш Токтоназаров (1901-1954): Ит аман алып калганда
Лемзаз Ливазов (1919-1993): 14 жылга созулган кусалык
Ата Мекенине 14 жылдан кийин кайткан Лемзаз ата тууралуу уулу Мадый баяндап берди.
— 1939-жылы атам Кызыл Армиянын катарына чакырылат. 1941-жылы жайдын башында аскердик кызматынын мөөнөтү бүткөн экен, бирок жетекчилик коё бербей коёт. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда атамдын бөлүгү фашисттер менен салгылаша баштайт. Бир жолу аны командири взводго чай алып кел деп колуна чака берип ашканага жиберет. Атам чайды алып келе жаткан учурда немистин самолёту аткылайт, чакага ок тийип, өзү аман калыптыр. 1942-жылы туткунга түшөт. Атамды Германиядагы концлагерге айдаганда Польшадан дагы бир кыргыз досу менен вагондон секирип качышат. Ачкалыктын айынан картошканын кабыгын жегенбиз деп кээде атам үшкүрүп айтып калар эле. Экөө Батыш Белоруссиядагы партизандык отрядга кошулуп, согушат. 1944-жылы Белоруссия баскынчылардан бошотулганда Советтик Армиянын катарына кошулат. 1945-жылы 25-апрелде атам гитлерчилердин чабуулунун мизин кайтаруудагы каармандыгы үчүн Эрдик медалы менен сыйланган. Бирок согуш бүткөндөн кийин СМЕРШ (аскердик контрчалгын кызматы) ага туткунга өз эркиң менен түшкөнсүң деп жалаа жаап, Красноярск аймагындагы Соры кыштагына сүргүнгө айдашат. Бул жерде ал шахтада иштейт, башынан далай азап-тозокту өткөрөт. 1953-жылы амнистия жарыяланып, атам журтуна кайтат. 1960-жылдардын аягында толугу менен акталды.
Макай Усупов (1924-2020): Немистер өлгөндөрдүн арасынан байкабай калышкан
Бул ардагердин бир салгылашта кантип аман калганын баласы Марат айтып берди.
Маана Абылов (1920-1986): Эки макизар
1944-жылы жайында Түштүк Францияда макизарлардын катарында согушкан эки дос Ишен Тойчубеков менен Маана Абылов сүрөткө түшкөн. Абыловдун фашисттик концлагердеги азабын кызы Арсар эже баяндап берди.
— 1941-жылы 24-июнда Литвадагы салгылаштын биринде атамдын бутуна снаряддын чачырандысы тийип, эсин жоготкон учурда гитлерчилер туткунга түшүрүп, Польшадагы концлагерге айдашат. Ал жерден фашисттер советтик туткундарды адам катары көрбөй, кордук көрсөтүшөт. "Айлабыз кеткенде ит менен мышыктын да этин жедик" деп атам зээни кейип айтып калар эле. 1944-жылдын башында аларды Түштүк Франциядагы Альби шаарында жайгашкан концлагерге алып келишет. Бул жерден кокусунан атам жердеши Ишен Тойчубековго жолугат. Экөө башка советтик туткундар менен биригип качып, француз партизандарына кошулат. Францияны баскынчылардан бошотуу учурунда атам бир бутунун жарымынан ажырайт. Буга карабастан тикмечилик менен өтүк ултарганды үйрөнөт. 1945-жылы СССРге кайтат. Бирок аны коопсуздук кызматы абдан текшерип, эмне үчүн туткунга түштүң, батыш өлкөлөрдүн чалгын кызматына өтүп кеткен жоксуңбу деген шек менен айласын кетирди. Атам менен Ишен аба өмүр бою атайын кызматтын көзөмөлүндө болушту. Досу Тойчубеков Тоң районунда мыкты жетекчи жана калың элдин арасында кадыр-барктуу болгонуна атам абдан сыймыктанчу.
Ишен Тойчубеков (1922-1987): Бизди украин аялдар сактап калышкан
— 1943-жылы үч айдын ичинде Фрунзе шаарындагы жөө аскер училищесин бүтүрүп, кичи лейтенант наамы ыйгарылды. Фронтко пулемётчулардын ротасынын парторгу болуп дайындалдым. 1943-жылы ноябрь айында Украинанын Кировоград аймагында мен кызмат өтөгөн механикалык корпус чабуулга өтөт. Тыл абдан артта калгандыктан, убагында бөлүгүбүздүн командачылыгы жоокерлер жана ок-дары менен камсыздаганга дарманы жетпей калды. Мындан улам биздин батальон Березовка кыштагынын жанында курчоодо калды. Анын үстүнө ок-дарыбыз түгөндү. Оор жарадар болуп, контузия да алып эсимди жоготтум. Эсиме келсем туткунга түшүптүрмүн. Фашисттер советтик туткундарды Кировоград, Умань жана Винница облустарында жайгашкан концлагерге айдашты. Кыңк этсең эле атат. Тамак бербейт. Айылдардын арасынан өтүп жаткан учурда украин аялдар тобокелге салып, чатырдан тамак ыргытышчу. Көпчүлүк убакта бизди фашисттер бир концлагерден экинчи концлагерге айдап бара жатканын алдын ала билип, украиналык кыз-келиндер жолго тамак-аш чачышчу. Аны биз жолдон терип жечүбүз. Эгерде алардын мындай жардамын көрүп калса фашисттер атып салмак. Ошентип бизди ачкадан өлтүрбөй ошол каарман аялдар сактап калышты. Гитлерчилер эч кимди аябастан оор жумуштарды жасатышчу. Украинадан Польшадагы концлагерге алып келишти, андан ары Бельгияга айдашты. Акыры 1944-жылы майдын аягында Түштүк Франциядагы Альби шаарына алып келди. Бул жерден мени француздар менен поляк кыз макизарларга качырышты. Алар менен бирге фашисттерге каршы салгылаштым. 1945-жылы Германия аркылуу Ата Мекенге кайттым.
Үсөн Саруев (1924-1997): Моргдон туруп келген жоокерлер
Бул ардагер жөнүндө небереси Нурбек айтып берди.
Рафа Айдарбекова (1918-1996): Жарадар болгонуна карабай операция жасаган
1959-жылы Кыргызстанда V борбордук авиациялык кадрларды окутуу жана аларды кайра даярдыктан өткөрүү аскердик окуу жайы түптөлгөн. Бул жогорку окуу жайда чет элдик угуучулар менен курсанттар билим алчу. Жогоруда айтылган окуу жайдын жетекчилиги тарбиялык максатта Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушууларды уюштурчу. Алардын арасында ардагер, аскердик дарыгер Рафа Айдарбекова да бар эле. Рафа апанын кан майдандагы бир окуясын ушул окуу жайдын кызматкери, отставкадагы полковник Валимжан Таңырыков баяндап берди.
— Рафа Иманалиевна чет элдик угуучулар жана курсанттар менен кезиккенде фронттогу ооруканада бир ирет оор жараат алган жоокерди сактап калганын айтып бергени абдан эсимде калыптыр. Аскерге операция жасалып жаткан учурда фашисттик авиация бомбалай баштайт. Бир бомбанын чачырандысы анын бутунун балтырына сайылат. Ага көңүл бурбай операцияны аягына чыгарат. Жараатын караса, бомбанын чачырандысы өтүгүнүн кончун экиге тилип, балтырына тийиптир. Ал кан майданда миңдеген операцияларды жасап, далай советтик жоокерлердин өмүрүн алып калган. Рафа Иманалиевнанын мындай эрдигин өз оозунан уккан чет элдик курсанттар менен угуучулар аябай таасирленишкен эле.
Асан Эркинбаев (1921-2017): Туз алмашуу
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ойго келбеген нерселер боло турганын ардагер Асан Эркинбаев небереси Эмилге айтып берген экен.
— Чоң атам адистиги боюнча мугалим. Согушка чейин Пржевальск шаарындагы Киров мектебинде сабак берчү. 1942-жылы майда Кызыл Армиянын катарына чакырылып, Фрунзе шаарындагы жөө аскер училищесинде үч ай даярдыктан өтөт. Калинин фронтунда согушуп жаткан учурда таң калычтуу окуя болуптур. Чоң атамдын бөлүгү токойдун жанында жайгашкан экен, гитлерчилердин позициясы да жакын жерден орун алыптыр. Күндө кечинде салгылаштан кийин улуу офицерлер тылга кеткенде командирлери ок атканды токтоткула, тамак ичип, эс алгыла деп буйрук беришет. Бир ирет полктошторунун арасында анча-мынча немисче билгендер гитлерчилер менен окоптон кыйкырып тамашалашып сүйлөшөт. Немистердин арасында чала моңол орусча сүйлөгөндөр да бар экен. Алар "туз менен тамак алмашпайлыбы" деген өтүнүч менен кайрылыптыр. Чоң атамдын полктоштору командири менен кеңешип, алмашалы деп чечишиптир. Немисче билген чоң атамдын жолдоштору гитлерчилер менен нейтралдуу тилкеде жолугат. Немистерге туз, тушенка беришет, ал эми гитлерчилерден шоколад, чай жана тамеки алышат. Ушинтип эки тарап бир жума бою кечинде немистер менен тамак алмашып жүрүптүр. Жогору жактан эч ким билбептир. "Эгерде билинип калганда баарыбызды катуу жазалайт болчу, немистер деле адам да, булар да согуштан тажаган" деп чоң атам күлүп айтып калчу. Каармандыгы үчүн Эрдик медалы менен сыйланып, Жеңишти Москвада тосуптур.
Таштанды Ибраев (1923-2003): Фронттогу күтүлбөгөн жолугушуу
Кан майданда капысынан эки бир тууган кандай жолукканы тууралуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Таштанды Ибраевдин баласы Чыныбай айтып берди.