Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди

Маллабекованын алты баласы, 28 небереси, 106 чөбөрөсү жана 61 кыбырасы бар. Ал 1920-жылы төрөлүп, өмүр бою Өзгөн шаарында жашаган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май – Sputnik. Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында жашаган 100 жаштагы Саламатхан Маллабековага биринчи ирет Кыргызстандын паспорту берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди

Маалыматка караганда, Маллабекованын алты баласы, 28 небереси, 106 чөбөрөсү жана 61 кыбырасы бар. Ал 1920-жылы төрөлүп, өмүр бою Өзгөн шаарында жашаган. Туулгандыгы жана никеси тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан паспорт ала албай келген.

“Өзгөн шаарынын Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери өз каражатына бир катар документтерди калыбына келтирүүгө жардам беришкен. Натыйжада комиссия аялдын ким экенин тактап, Кыргызстандын 2017-жылы чыккан үлгүдөгү паспортун (eID-карта) беришкен. Документ эки күндө даяр болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери Маллабекованын үйүнө барып башкы жана эң маанилүү документти тапшырышкан. Ошондой эле белек-бечкектер менен азык-түлүк дагы берилген.