БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин беш кызматкерине коронавирус жуккан. Бул тууралуу министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Модератор ага кызматкерлер вирусту кандайча жуктуруп алганы тууралуу суроо узаткан.
"Алгач бир кызматкерден чыккан. Андан кийин бири-бири менен байланышта болушкан. Ал жакта эпидемияга каршы иштер жүрүп жатат. Кызматкерлер көзөмөлгө алынган. Акыркы күндөрү жаңы учурлар каттала элек", — деди Үсөнбаев.
Бүгүнкү күндө коронавирус аныкталган учур 906 болду. 650 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды. Анын ичинен 226 медицина кызматкеринин 163ү сакайып ишине кайткан.
Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.