Аппарат менен дем алып... COVID-19дан дарылаган оорукананын ичинен видео

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан дарылап жаткан Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын ичин көрсөттү.
Sputnik

Кадрдан дарыгердин коргоочу кийим кийгенден тартып бейтаптардын абалын текшергенге чейинки учурду көрүүгө болот. Оор абалда жаткандардын жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулганы көрсөтүлгөн.

20 күн мурун төрөлгөн тун уулумду көрө элекмин. Жаш дарыгердин баяны видеодо
Аталган оорукананага коронавирус жуктурган 334 адам түшкөн. Ал жайда иштеген дарыгерлер 179ун айыктырып үйүнө чыгарды. Бүгүнкү күндө оор абалда үч, жандандыруу бөлүмүндө үч бейтап дарыланууда. Тилекке каршы, вирус беш адамдын өмүрүн алып кеткен.

Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы көп адамды дарылап жатканына карабай, бир да медицина кызматкери коронавирус жуктурбаганын белгилейт.