Россиянын жардамы: муктаждарга 3 айга жетерлик ун жана май таратылат

Май айында муктаж болгон үй-бүлөлөр үч айга ченелген азык-түлүк, тагыраагы, 150 килограммдан ун, 15 литрден май алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Россия бөлгөн каражаттын эсебинен май айында Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы муктаж үй-бүлөлөргө миң тоннадан ашык ун жана өсүмдүк майы жөнөтүлөт. Бул тууралуу БУУ өкүлчүлүгүнүн Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан билдиришти.

Апрель айында БУУ өкүлчүлүгү Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган 33 миң кишиге 1 033 тонна азык-түлүк таркаткан.

Ал эми май айында жогоруда айтылган облустарда муктаж болгон үй-бүлөлөр үч айга ченелген азык-түлүк, тагыраагы, 150 килограммдан ун, 15 литрден май алышат.

"БУУ өкүлчүлүгүнүн Дүйнөлүк азык-түлүк программасы кыргыз өкмөтүнүн көрүп жаткан аракеттерин, өзгөчө аз камсыз болгон жарандарга жардам берүү иштерин колдойт. Россиянын бүгүнкүдөй оор абалда турган кезде финансылык жактан колдоо көрсөтүп жатканы абдан жакшы. Азыр эч ким каралбай калбашы керек”, — деди программа директору Андреа Баньоли.

Ал эми Россиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко коронавирус көнүмүш жашообузду бир топ татаалдатып жатканы менен улуттар арасындагы ыктымакка доо кетире албасын айтты.

“Россия БУУ өкүлчүлүгүнүн Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы жашоонун сапатын жакшыртуу жана кризис учурунда элге колдоо көрсөтүү боюнча долбоорлорун каржылоого ниет кылат”, — деди элчи.

Коронавирустун кесепети

Вице-мэр: Бишкекте азык-түлүккө болгон баа 7-15 пайызга өстү
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 906га жетип, анын ичинен 650сү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.