Кыргызстандын бийлиги жумушсуз жүргөндөргө жардам бермей болду

Асрандиев өкмөт жакында эле экономиканын тармактарын жана ишкерлик субъектилерин колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи пакетин кабыл алганын эске салды.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май— Sputnik. Кыргызстанда жумушсуз жүргөндөрдү окутуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн акысыз курстар ачылат. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Асрандиев өкмөт жакында эле экономиканын тармактарын жана ишкерлик субъектилерин колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи пакетин кабыл алганын эске салды. Анда экономикалык ишмердүүлүктү акырындык менен калыбына келтирүү жана финансылык колдоо чаралары каралган.

"Мындан сырткары, жумушсуз жүргөн жарандарды акысыз окутуу, квалификациясын жогорулатуу жана кесип үйрөтүүнү уюштуруу механизми иштелип жатат", —деди Асрандиев.

Коронавирустун кесепети

Өкмөт КР экономикасынын кризистен кийинки багытын аныктоого киришти
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 895ке жетип, анын ичинен 637си айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.