Ош шаарында 11-майдан тарта коомдук транспорт жүрө баштайт. Мэрия шартын айтты

Азырынча калаада жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн 20 троллейбус жана 12 автобус төрт каттам менен ишин жандантат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Ош шаарында коомдук транспорт 11-майдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ишкана карантиндин эреже талаптарын сактоо менен бирге кырдаалга жараша иш алып барат. Алгач эки каттам боюнча жалпы 20 троллейбус, дагы эки каттам менен 12 автобус шаар ичинде жүргүнчүлөрдү тейлейт. Коомдук транспорт эртең менен саат 7:00дөн кечки 20:00гө чейин иштейт.

“Санитардык талаптарды сактоо үчүн автобус, троллейбустар күн сайын эртең менен жана кечинде ишканада дезинфекцияланат. Коомдук транспортко түшкөн жүргүнчүлөр да бет кап кийип жүрүшү зарыл. Троллейбуста жүргүнчүлөр үчүн 25, автобуста 24 орундук бар. Карантин учурунда коомдук транспорттогу жүргүнчүлөрдүн саны 35тен ашпашы керек”, — деди Капаров.

Ошондой эле ал жүргүнчүлөргө жараша транспорттун саны азайып же көбөйө турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Ош шаарында өзгөчө абал жарыяланган 25-марттан баштап коомдук транспорт токтотулган.

Коронавирустун кесепети

Бишкек: 11-майдан тарта иштей баштачу коомдук транспорттун графиги
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 895ке жетип, анын ичинен 637си айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.