Грузия 1-июлдан тарта туристтер үчүн эшигин ачат

Буга чейин Грузия пандемияга байланыштуу чет элдиктер үчүн чек арасын жапкан. Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдө илдеттен тогуз киши көз жумду.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Грузия 1-июлдан тарта туристтерди кабыл алууга даяр болот. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Георгий Гахария өкмөттүн жыйынында билдиргенин Sputnik Грузия жазды.

Маалыматка караганда, мамлекет коронавируска байланыштуу токтоп калган авиакаттамдарды жандантат.

“Грузияда 15-июндан тарта жергиликтүү туризм ишке кирет. Ал эми 1-июлдан баштап чет элдик туристтерди кабыл ала баштайт. Бул үчүн коңшу мамлекеттер менен коопсуз коридор түзөбүз”, — деди Гахария.

Пандемияга байланыштуу Грузия чет элдиктер үчүн чек арасын жаап, авиакаттамдарды токтоткон. 21-марттан тарта өлкөдө өзгөчө абал жарыяланган.

Акыркы маалыматтар боюнча Грузияда 615 адамдан коронавирус табылып, тогуз киши көз жумду.