Бишкекте коронавирустан улам канча адам жумушсуз калганы айтылды

Бишкек шаарына өзгөчө абал 25-мартта киргизилген, мындай режим 10-майга чейин улантылат. Бул учурда көп тармактар ишин токтотту.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Өзгөчө абал режими киргенден кийин борбор калаада 154 784 адам убактылуу жумушсуз калды. Бул туурасында Бишкектин вице-мэри Алмаз Бакетаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус кооптуулугунан улам калаадагы 71 миӊ 531 чарбалык субъект ишин токтоткон. Ал эми азыркы тапта алардын 3 836сы ишин кайрадан жандантты. Алдын ала маалыматтарга ылайык, мында 83 280 адам иштейт.

Белгилей кетсек, өзгөчө абал режими Бишкек шаарына 25-мартта киргизилген. Андан кийин мөөнөтү эки жолу узартылып, 10-майга чейин деп белгиленди. 1-майдан тарта ишкерликтин айрым түрлөрүнө уруксат берилген.

Коронавирустун кесепети

Өкмөт ишкерлерге банктагыдан 2-3 эсе арзан кредит берүүгө белсенип жатат
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 895ке жетип, анын ичинен 637си айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.