12 жашында Ленинградга окуганы кетип... Балетмейстер Мелис Асылбашевдин элесине

Sputnik

Талаа-түздө шедеврлерди жараткан. Мелис Убукеевдин сүрөттө калган элеси
Мелис Асылбашев 1947-жылы 7-майда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын бала бакчада эле бийге шыгы бар экендигин апасы байкап, хореографиялык училищеге берген. Бир жылдан кийин атайын сынак өткөрүлүп, 12 жаштагы өспүрүм Ленинград шаарындагы хореографиялык академияга өтүп кетет. Аны 1967-жылы аяктап эмгек жолун борбор калаадагы Опера жана балет театрында баштаган. Жаш талант ал жакта 23 жыл бою чыгармачылык менен алектенип, бир топ классикалык образдарды жаратты.

35 жашында "Ак-Марал" улуттук бий ансамблинин башкы балетмейстери жана көркөм жетекчиси кызматына чакырылган. Кесибин сүйгөн инсан ал жылдары ансамблдин репертуарын кеңейтип, жаңы чыгармалар аткарыла баштаган. Өлкө эгемендүүлүк алган жылдары балетмейстер эл аралык маданий иш-чараларда режиссёрлук милдетти аркалап калган жайы бар.

Ал келинчеги менен эки уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты 2014-жылы 67 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

1 / 12
Кичинекей Мелис 3-классты аяктагандан кийин аны апасы музыкалык-хореографиялык училищеге алып келген
2 / 12
12 жаштагы өспүрүм ата-энесин сагынып жүрүп Ленинград шаарындагы хореографиялык академияда билим алган
3 / 12
20 жашында Фрунзедеги Опера жана балет театрына ишке кирген
4 / 12
Мелис Асылбашев сахнадагы кесиптештери менен
5 / 12
Замандаштар, жаш бийчилер, хореографтар...
6 / 12
1980-жылы Асылбашев балетмейстерлердин бүткүл союздук сынагында жеңүүчү болгон. Сахнада атактуу балетмейстер Чолпонбек Базарбаев менен
7 / 12
КРдин эл артисти мыкты устат, күчтүү жетекчи болуп бир топ жаштарга жол көрсөткөн
8 / 12
Мелис Асылбашев 23 жылдай борбор калаадагы Опера жана балет театрында эмгектенген
9 / 12
Балетмейстер жубайы менен чыгармачылыкта таанышып баш кошкон. Байбичеси Чоро Кожомжаровдун тобунда аткаруучу болгон
10 / 12
Жубайлар эки уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Алардын бир кызы, эки небереси ата жолун улады
11 / 12
Мелис Асылбашев "Ак-Марал" улуттук бий ансамблинин көркөм жетекчиси болуп, топту эл аралык аренага чыгара алган
12 / 12
КРдин эл артисти 67 жаш курагында оорудан улам көз жумган