Кыргызстандагы коронавирус: 14 бейтап ооруканадан чыкты

Маалыматка ылайык, сакайгандардын бешөө Бишкектен, үчөө Нарындан, Жалал-Абад облусунан бешөө жана бирөө Ысык-Көлдөн.
Sputnik

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 14 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Нарколог пандемия учурунда чылым чегүүнүн кесепетин айтты
Анын айтымында, сакайгандардын бешөө Бишкектен, үчөө Нарындан, Жалал-Абад облусунан беш киши жана бирөө Ысык-Көлдөн.

Ушуну менен республика боюнча 614 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми жалпы саны 871ге жетти. Оорудан 12 киши көз жумганы маалым.

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.