COVID-19 менен күрөшкөн жети кишинин абалы оор, төртөө реанимацияда

Өлкө боюнча вирус жуктургандардын саны 871ге жетип, 614 бейтап сакайды. Ал эми эки жүздөн ашууну дарыланып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Учурда коронавирус жуктурган 245 адам ооруканаларда дарыланып жатканын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Кыргызстандагы коронавирус: 14 бейтап ооруканадан чыкты
Анын билдиришинче, жети кишинин абалы оор, төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы 60 бейтап орточо оор акыбалда. Ал эми 178 бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Өлкө боюнча вирус жуктургандардын саны 871ге жетип, 614 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Оорудан 12 киши көз жумганы маалым.

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.