БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын көбү Бишкек шаарында. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты.
Өлкөдө 6-майга карата коронавирус аныкталган жалпы 871 учур катталды.
- Жалал-Абад облусу — 129;
- Ош облусу — 169;
- Ош шаары — 113;
- Чүй облусу — 74;
- Бишкек шаары — 255;
- Баткен облусу — 18;
- Нарын облусу — 103,
- Ысык-Көл облусу —10 учур.
"Ысык-Көл облусундагы акыркы бейтап айыгып үйүнө чыгарылды. Аталган облуста коронавирус жуктуруп алган 10 адамдын баары тең сакайды", — деди Үсөнбаев.
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 871 адамдын 614ү айыкты. Вирус аныкталган 12 бейтап каза болгону маалымдалды.
Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.
Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.