Абылгазиев: экономиканы каржылоо булактарын таптык

Азыркы тапта өкмөт орто мөөнөттө экономиканы кризистен кийин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгып жатканы маалым болду.
Sputnik

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Экономиканын тармактарын жана ишкерлик субъектилерин колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи пакети иштелип чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Сооронбай Жээнбеков өкмөткө сырттан арбын каражат издөөнү тапшырды
Билдирмеге ылайык, иш-чаралардын экинчи пакетинде экономикалык ишмердүүлүктү акырындык менен калыбына келтирүү жана финансылык колдоо чаралары каралган. Ошондой эле ишкердик субъектилерди жеңилдетилген насыя менен камсыз кылуу чаралары дагы бар.

Өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономиканы каржылоо булактары табыла баштаганын айтты.

"Кеп болжол менен 40 миллиард сом тууралуу болуп атат. Анын ичинде "Кумтөр" компаниясынын эсебинен 4,2 миллиард сом, донорлордун эсебинен 14 миллиард сом, тышкы карызды реструктуризациялоонун жыйынтыгы боюнча 4,3 миллиард сом бар. Ошондой эле 17,5 миллиард сомго жакынын Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду сыяктуу башка булактардан алынат", — деди Абылгазиев.

Азыркы тапта өкмөт орто мөөнөттө экономиканы кризистен кийин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгып жатканы маалым болду.