Өткөн суткада коронавирустан 11 адам айыгып чыкты

Буга чейинкилерди кошкондо Кыргызстанда жакшы болуп кеткендердин жалпы саны 575 адам болду. Бирок ооруну жуктургандар улам көп табылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 4-май – Sputnik. Кыргызстандын аймагында өткөн суткада 11 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

“Бишкек шаарынан - 7, Нарын облусунан төрт киши ооруну жеңди. Буга чейинкилерди кошкондо Кыргызстанда айыккандардын жалпы саны 575 адам болду”, - деди Акматова.

Кыргызстанда коронавирус жуккандар 830 адамга жетти, өткөн суткада ооруну жуктуруп алган дагы 35 учур катталган. Алардын көбү Бишкек шаарынан чыкты.

Буга чейин каза болуп калгандардын саны 10 адам болгон эле.