Тажикстанда коронавирустан алгачкы эки адам көз жумду

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 жуктуруп алгандар боюнча статистиканы жаңылап, анда биринчи курмандыктар айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Тажикстанда коронавирустан алгачкы эки адам каза тапкандыгын Тоҷикистон телеканалы Саламаттык сактоо министрлигине таянып кабарлаган.

Статистика боюнча, 2-майда эки киши COVID-19дан кайтыш болгону белгиленген.

30 жыл иштеген. COVID-19дан көз жумган дарыгер Көкүмбаевага жазылган некролог
Мындан сырткары, инфекция 76 кишиден табылган. Учурда дарыгерлердин кароосунда 2,8 миң пациент турат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ооруканадан текшерилип, 217 адам канааттандырарлык абалда чыккан.

Өлкөнүн коронавируска каршы иш алып баруу боюнча Республикалык штабынын маалыматына караганда, Тажикстанда биринчи илдет 30-апрелде катталган. Анда дароо 15 кишиден инфекция табылган. Алардын бирөө Согди, ал эми бешөө Душанбе шаарынан чыккан.