30 жыл иштеген. COVID-19дан көз жумган дарыгер Көкүмбаевага жазылган некролог

Маркум эмгек жолун Бишкектеги №5 үй-бүлөлүк медицина борборунан баштап, кийин №3 бейтапканага которулуп иштеп жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Коронавирус инфекциясынын кесепетинен №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева 58 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн  кайтты. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги тараткан некрологдо жазылат.

Ал илдет жуктуруп алып дарыланып жаткан, тилекке каршы, 2-май күнү ооруканада үзүлгөн.

"Камкор эне, сүйүктүү жубай Жүзүмкан Асановна ак ниет, чынчыл кызматкер, өз кесибине берилген чыныгы дарыгер. Ал өлкөсүнүн алдындагы жарандык парзын аткарып кетти", — деп эскерет медиктер.

Көкүмбаева 1962-жылы Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Улахол айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктагандан кийин эмгек жолун Бишкектеги №5 үй-бүлөлүк медицина борборунан баштаган. Андан кийин №3 бейтапканага которулуп иштеп жаткан.

Министрлик: COVID-19дан каза болгон дарыгердин бүлөсүнө компенсация төлөнөт
Саламаттык сактоо тармагынын отличниги, медицина мекемелеринде 30 жылдан ашуун иштеген жогорку категориядагы дарыгер.

Жүзүмкан Көкүмбаева өз кесибинин мыктысы, жаш кесиптештеринин насаатчысы, бир нече дарыгерлерди тарбиялап чыгарган, бейтаптардын жана кесиптештеринин сый-урматына татыган кадыр-баркы жогору дарыгер болгон.

Анын жаркын элеси кесиптештеринин, жакындарынын жана досторунун жүрөгүндө түбөлүк сакталып кала берет.

Саламаттык сактоо министри жана министрликтин атынан туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.