Sputnik агенттиги окурманга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап келет. Бул ирет редакцияга келген катка көңүлүңүздөрдү буруп, бейтааныш адамдын жакшылыгынын артынан дос, тууган тапкан үй-бүлөнүн баянын сунуштайбыз.
Университетти бүтүп турмушка чыккан убак. Шаарда туруп калдык. Күнүмдүк жашообуз кадимки жаш бүлөнүкүндөй эле өтүп жатты, бирде бар, бирде жокко ток болуп жашап жатканда боюма бүтүп, кубанганыбызды айтпа.
Кош бойлуу мезгилде аялзатынын абалын сүрөттөп бербесем да түшүнүктүү болуш керек. Баш айланып кускандан тарта көңүлүң каалаган тамакка табит ачылганга чейин бир далай учурду башыңан өткөрөсүң. Мен да бул убактан өтүп, алты-жети ай болуп калган кезим.
Жумуштан чыгып алып Ош базары тараптан келе жаткам. Жолдо кыпкызыл болгон жаңы чыккан помидорлорду сатып жаткандарын көрүп алып шилекейим куюлду, түрү турат, алайын десем жанымда акча жок. Кетким да келбейт, жыты буркурайт. Ары-бери өткөндөрдөн тааныш издеп коем, бирөө-жарым чыгып калса сатып берчи деп суранайын дейм. Кашайып эч ким чыкпайт, менин болсо чыдамым кетип, эмне кыларымды билбей алдастап басып жүрөм. Кош бойлуу кездеги бул абал наристе жытын искеген энелерге тааныш болушу керек.
Кийин уулум төрөлгөндө ал таанышым келинчеги экөө көрүп келип, ошол убакта ал акыркы акчасына помидор алып бергенин, шаардын аркы четиндеги үйүнө жөө жеткенин айтып берип аябай күлгөн элек. Эркек башы менен мени түшүнүп, көксөгөн, жегим келген азыгымды алып берип, талгагымды кандырган таанышыма ыраазымын. Андан бери канча жыл өтсө да бул жакшылыгын такыр унута албайм, жылмаюу менен эстеп жүрөм. Ошол күнкү бейтааныш адам кийин жолдошумдун кыйышпас досуна айланды, мен болсо бир тууган таптым.