Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо качан башталары айтылды

Тестирлөөнүн өзү 21-22-июнь күндөрү өтөт. Бул үчүн санитардык-эпидемиологиялык талаптарды катуу сактоо жагы да каралууда.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. 4-майдан 15-майга чейин Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ачылат. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков онлайн-брифингде билдирди.

"4-майдан 15-майга чейин каттоо жүрөт. Ал эми тестирлөөнүн өзү 21-22-июнь күндөрү өтөт. Бул үчүн бөлмөлөрдүн ичи дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат", — деп билдирди Исаков.

Министр 10-13-июль аралыгында ЖРТнын жыйынтыгы чыгып, окуучулардын бардыгы андан кабардар болушарын кошумчалады.

Бейшеналиев: дистанттык окуу пандемияда гана эмес, жай турмушта да керек
Кыргызстанда мектеп окуучулары коронавирус пандемиясы жана өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаал, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимдерине байланыштуу IV чейректи үйдөн окууга аргасыз болууда.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 746га жетти. Анын ичинен 462си айыкса, сегизи каза болгон.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.