ТВ тарыхында мындай боло элек эле. "Ялтага карай жол" онлайн-фестивалы тууралуу

"Ялтага карай жол" эл аралык музыкалык фестивалынын башкы режиссёру Полина Бертэн уникалдуу сынак тууралуу кенен айтып берди.
Sputnik

8-май күнү "Культура" телеканалында өзгөчө эфир болот. Анда 15 мамлекеттин музыканттары Улуу Ата Мекендик согуш ырларын өз тилинде жаңыртмакчы.

Апрелдин аягында чет элдик музыканттар Крымга чогулуп, Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу советтик ырларды аткарышмак. Бирок пандемиядан улам уюштуруучулар иш-чараны онлайн-форматка өткөрүүгө аргасыз болушту. Калыстар тобу Израиль, Италия, Латвия, Португалия, Индонезия, Таиланд, Кытай, Испания, Польша, Франция, Сербия, Германия, Аргентина, Албания жана Кубадан 15 ырчынын номерин тыңдап, баалашы керек.

"Ялтага карай жол" долбооруна опера ырчысы Полина Бертэн фестиваль жаңыдан кадам таштай баштаганда, үч жыл мурун келген.

"Биз Ялтанын жүзү болуп калчу фестиваль уюштурууну чечтик. Ал башкалардан кыйла өзгөчөлөнүп турушу керек деген максат койгонбуз. Фестивалдын көркөм жетекчиси Эрнест Мацкявичюс Гданьсктагы Экинчи дүйнөлүк согуш музейинен "Темная ночь" ырын поляк тилинде ырдай албай куулуп чыккан музыкант Петр Косевскийдин окуясынан кийин ушундай сонун демилге көтөрдү", — деди Бертэн.

Ырчыларды монитордон баалоо оор болот. "Ялтага карай жол" фестивалы
Режиссёрдун айтымында, Эрнесттин идеясы көпчүлүккө аябай жагып, аны ишке ашыруу ойлонуштурула баштаган.

Конкурстун башкы уюштуруучусу "Гуманитарный мир" фонду болду, Россотрудничество колдоо көрсөттү, ал эми "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиктеринде фестивалды кеңири жайылтуу үчүн баннерлер жайгаштырылды. Натыйжада долбоор президенттик грант алып, Жеңиш күнүнө арналган иш-чаралардын тизмесине кирген. Конкурска катышуу ниетин 37 мамлекеттен 157 аткаруучу билдирди.

"Карантин кирер алдында аянтча даярдап, техника жагын жөндөп, мейманканаларды брондоп, калыстар тобун таап, катышуучуларды иргеп, финалда ар бири менен ырдоо үчүн россиялык жылдыздар менен макулдашып бүтүп калганбыз. Иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрчү мыкты жана кесипкөй команда чогулган. Автордук укуктан баштап коопсуздук маселесине чейин караганбыз. Бирок пандемия башталып кетти...", — деди Бертэн.

Согуш ырларын жаңырткан чет элдиктер. "Ялтага карай жол" фестивалынын башаты
Кыска убакытта фестивалды онлайн өткөрүү варианты ойлонуштурулду. Биринчи этабы, башкача айтканда, конкурстун жарым финалы пландалгандай эле Жеңиш күнүнө бир күн калганда, 8-майда, "Культура" каналынан көрсөтүлөт. Мындан тышкары Sputnik агенттигинин ресурстары жана YouTube аркылуу трансляцияланмакчы. Ал эми экинчи этабы же финалдык бөлүк вирусту жеңип, чек аралар ачылары менен Ялтанын чоң сахнасында тартууланат. Болжол менен бул сентябрга туура келет деп айтылууда.

Бертэндин айтымында, финалдык концертти өткөрүү уюштуруучулардын көңүл чордонунда, бардык макулдашуулар күчүндө экени да белгиленди. Азырынча бардык күчтөр ондайн форматка өтүүгө тартылган. Бертэн онлайн-конкурс буга чейин телевидениеде боло элек фестивалдардын жаңы чыйыры.