БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстан Нарын облусунун айылдарын суу менен камсыздоо жана тазалыкты жакшыртуу үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 27,4 миллион доллар алууга макулдашты. Аталган келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети карап жактырганын парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Макулдашууга 2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында кол коюлган.
Кыргыз өкмөтү тарабынан 5,5 миллион каржыланат. Бул каражат салыктарга жана долбоорду ишке ашырууну колдоого жумшалат.
Насыя 32 жылга алынып жатат, анын ичинде 8 жылга жеңилдетилген мөөнөт менен 1 жана 1.5 пайыздык үстөк коюлуп берилет.
Долбоорду аткаруу мөөнөтү 6 жыл, башкача айтканда, Нарын облусу ушул аралыкта суу маселесин чечип, элдин ден соолугун коргоо жана коомдук тазалыкты сактоо жагын жакшыртышы абзел.