Кыргыз-өзбек достугун бекемдеп. Баткен Ферганага азык-түлүк жөнөттү. Сүрөт

Буга чейин коңшу өлкө Баткенге илдет менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу костюмдарды, дезинфекциялык каражаттарды жана ун азыктарын жибергени айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Баткен облусу Өзбекстандын Фергана жергесинин элине күрүч, алма жана картошка азыктарын жардам катары жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Кыргызстан менен Өзбекстан коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча бири-биринин иш-аракеттерин колдоого алганы белгиленет.

Баткен: дистанттык окууга шарты жок үй-бүлөлөргө телевизор берилүүдө
Буга чейин өкмөтүн Баткендеги өкүлү Алишер Абдрахманов менен Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев сүйлөшүү жүргүзүп, анын натыйжасында коңшу өлкө облуска кооптуу илдет менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу костюмдарды, дезинфекциялык каражаттарды жана ун азыктарын жиберген.

Баткен облусунун жетекчилиги элдин атынан кошуна мамлекетке терең ыраазычылык билдирип, мындай жардам эки элдин достугун бекемдеп турарын кошумчалады.