COVID-19: медиктер 114 калктуу конуштун тургундарын текшерип чыгат

Соңку маалымат боюнча, буга чейин медиктер 127 257 үйгө барып 508 миң адамды текшерип, 35 кишиден вирусту тапкан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктургандарды аныктоонун экинчи этабы башталып, 114 калктуу конуштун тургандары текшерилет. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентке өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкө боюнча медицина кызматкеринен турган 306 мобилдик бригада иштеп жатат.

“29-апрелге карата 127 257 үйгө барып, 508 миң адамды текшерип бүтүштү. Буга Бишкек, Ош шаарлары жана Ат-Башы району кирет. Натыйжада 35 адамдан COVID-19 таптык. Алар кимден жуктурганын өзүлөрү билбейт. Жалпысынан 114 калктуу пункт текшериле турган болду”, — деди Абылгазиев.

Мындан улам өкмөт башчы 30-апрелде бүтө турган өзгөчө абал режимин узартып берүү сунушталганын кошумчалады.

Коронавирустун кесепети

Депутаттар өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууга макулдугун берди
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 746га жетип, анын жарымынан көбү, 462си, айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.