Россиялык паспортту кимдер оңой алышат? Жаңы мыйзамдын урунттуу учурлары

Мыйзам долбоордун автору жана серепчилер Sputnik агенттигине Кыргызстандын жарандары үчүн аталган мыйзамда карала турган жеңилдиктерге токтолушту.
Sputnik

Россия президенти Владимир Путин россиялык жарандыкты алууну жөнөкөйлөштүргөн федералдык мыйзамга кол койду. Мындан ары РФ паспортун алуу үчүн өздүгүн тастыктоочу улуттук документтен баш тартуу милдеттүү эмес.

Бюрократияга жол берилбейт

Россиялык жогорку окуу жайларын аяктагандар (РФтеги эмгек ишмердигинин мөөнөтү бир жылга чейин кыскартылды), ошондой эле Россия жараны менен никеде турган жана перзенттери бир четөлкөлүк жарандар, балдары РФ жараны болгон ата-энелер үчүн жарандык алуу жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлөт.

Мындан тышкары РФ жарандыгын алуу талаптары жашап туруу укугуна ээ Молдова, Украина, Белоруссия жана Казакстандын жарандары үчүн бир кыйла жеңилдеди. Алар өлкөдөгү жашап туруу мөөнөтүнө карабастан, жарандык алууга арыз тапшыра алат.

Россиялык паспортту кимдер оңой алышат? Жаңы мыйзамдын урунттуу учурлары
"Жаңы мыйзамда мурда жарандык же жашап туруу укугун алууга арыз тапшыруудагы бюрократиялык тоскоолдуктардын баары алынат, — дейт Sputnik агенттигине РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты, КМШ, евразиялык интеграция жана мекендештер менен болгон байланыш иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Виктор Водолацкий. – Ошондуктан ушул тапта ар бир жаран, биринчи кезекте, биздин мекендеш үчүн эч кандай көйгөй жок".

Эксперттик чөйрөдөгүлөр россиялык жарандыкты алуу талаптарынын жумшартылышы РФ паспорту жалпы тартипте бериле баштайт дегенди туюндурбай тургандыгын белгилешет.

Евразиялык аналитикалык клубдун башчысы Никита Мендкович жарандыкты алууга канча киши кайрылбасын, баары эле ала бербей турганын белгиледи.

Россиялык паспортту кимдер оңой алышат? Жаңы мыйзамдын урунттуу учурлары
"Мыйзам азыр да тил, маданиятты билүүнү талап кыларын унутпайлы. Кыргызстанда россиялык жарандыкты алууну каалагандар кеңири экени анык. Этникалык белгиси боюнча жарандыкты берүүдө эч кандай бөлүп кароого жол берилбейт. Бул түздөн-түз РФ мыйзамы менен тыюу салынат. Тек гана орус тилин керектүү деңгээлде билип-билбегени боюнча бөлүп каралат. Улутуна жараша бөлүп кароо жок", — деди ал.

КМШ өлкөлөр институтунун ШОС жана евразиялык интеграциялоо бөлүмүнүн жетекчиси Владимир Евсеевдин пикиринде, россиялык мыйзамдарын жумшартууда Кыргызстандын депопуляциясы (калкынын кыскаруу) коркунучу жаралары күмөн.

Россиялык паспортту кимдер оңой алышат? Жаңы мыйзамдын урунттуу учурлары
"Жаңыртылган "Жарандык жөнүндөгү мыйзамда" эгер адам Россиянын аймагында жашаган учурда гана россиялык паспортту алууга арыз тапшыра алары боюнча жобо бар. Эгер Кыргызстандын тургундарынын басымдуу бөлүгү Россия жарандыгын алгысы келсе, РФ аймагына көчүп келүүгө тийиш. Мындай болушу мүмкүн эмес экенин өзүңөр түшүнөсүңөр. Негизинен кеп Кыргызстандын экономикалык жактан активдүү бөлүгү жөнүндө гана жүрөт. Алар РФ аймагында иштеп туруп деле жарандыкты алышмак", — деди Евсеев.

Россияда эмгек ишмердигин жүргүзүү үчүн Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында түзүлгөн шарттар жетишерлик экенин боолголойт Мендкович.

"ЕАЭБ — бул экономикалык биримдик. Анын регламентинде ишке орноштуруу үчүн жеңилдиктер каралган. ЕАЭБдеги мүчөлүк — бул жарандыкты өзгөртпөстөн, жергиликтүү жумушчуларга каралган негизде иштөө үчүн өлкөгө келүү мүмкүнчүлүгү. Мындай жеңилдиктер кыргызстандыктарга берилет, бирок, маселен, коңшулары, тагыраагы, Өзбекстан жана Тажикстан жарандары алышпайт", — деди Мендкович.

Россия коронавирус капсалаңында мигранттарга жардамдашууга тийишпи? Саресеп
Владимир Евсеевдин көз карашы боюнча, башка мамлекеттин жарандыгынан баш тартуу милдеттүү түрдө эместиги боюнча жобо украиналык паспорт ээлерине багытталган.

"РФ жараны болгусу келгендер украиналык жарандыктан баш тартуу документин алууга тийиш эле. Баарыбызга белгилүү болгон кырдаалда Донбасс аймагынан Киевге келген адамдар бул документти сурап отурарын элестете алар белеңиз?" — деп түшүндүрөт Евсеев.

Эскерте кетсек, ушу тапта Россияда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 709 миң, ал эми бейрасмий маалымат боюнча бир миллиондон ашат.