Дем жетпей кыйналып... Коронавирус менен күрөшкөндөрдүн абалы

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус менен күрөшүп ооруканада жаткан бейтаптардын ал-абалы тууралуу маалымат берди.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Учурда республиканын стационарларында 284 бейтап дарыланып жатканын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 10 кишинин абалы оор, анын төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Ошондой эле 52 кишинин абалы салыштырмалуу оор. 222 адамдын абалы канааттандырарлык деп бааланып жатат.

Кыргызстанда дагы 21 киши коронавирус жугузуп алганы аныкталды
Ал арада сутка ичинде 21 бейтап сакайып, жалпы 437 кыргызстандык үйгө чыкты. Ал эми коронавирус жуктуруп алгандардын саны 729га жетти.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.