БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Казакстанда жалпыга маалымдоо каражаттарынын төрт өкүлүнөн коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, алар коронавирус менен ооруган бейтаптар менен байланышта болушкан. ЖМК өкүлдөрү илдетти Казакстандын ичинен эле жуктурушкан. Азыркы тапта төртөөнүн тең абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
"Журналисттер өзгөчө абал режими кирген аймактарда тастыктоочу документтери бар болсо, карантин учурунда шаар ичинде эркин жүрө алган категорияга киришет", — деп айтылат маалыматта.
Коңшу өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3078 болду. Анын ичинен 774ү айыкса, вирустан 25 адам каза тапты.