ӨА режими аяктап калды. Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

Жыйында өлкө аймагына коронавирусту жайылтпоо жана социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар каралууда.
Sputnik

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Коопсуздук кеңешинин чакан курамда жыйынын өткөрүп жатат. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэри катышууда.

Сурабалдиева: парламент өзгөчө абал режимин узартуу маселесин карайт
Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар каралууда.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун, вице-премьер Эркин Асрандиевдин, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү, анын экономикага болгон кесепеттерин азайтуу жана өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтары угулуп жатат.

Коронавирустун кесепети

Жээнбеков: ӨА киргизилген аймактарга талапты жумшартуу маселеси каралып жатат
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 708ге жетип, анын жарымынан көбү, 416сы айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.