БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Карантин маалында Жалал-Абадда жашы жете элек тогуз бала ар кандай кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков брифинг учурунда билдирди.
Кырдаалга байланыштуу комендант ата-энелерге кайрылып, балдарды кароосуз калтырбоого чакырды.
“Ар убак үй-бүлөңүздөр менен мүмкүн болушунча үйдө отуруңуздар деп айтып жатабыз. Өкүнүчтүүсү, ага карабай “ата-эненин кайдыгерлиги баланын көз жашы” дегендей болуп, 25-марттан ушул күнгө чейин жашы жете элек балдар арасында 9 кырсык катталды. Анын ичинен үч жаш бала сууга агып кетип, бирөөнү куткарып калышкан. Тилекке каршы, экөөнүн сөөгү табылды. Ата-энелерге кайрыларым, ушул күндөрү тарбия иштерине көбүрөөк көңүл буруп, дистанттык окууларына каралашып, балдарыңыздарга баш болсоңуздар”, — деди комендант.
Мындан сырткары ал өзгөчө абал режими киргенден бери облуста 61 үй-бүлөлүк зомбулук катталганын белгиледи.
Коронавирустун кесепети
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.