Нарында дагы 10, 20 жылдык жолугушууларды өткөрүүгө тыюу салынды

Комендант кырдаал турукташканга чейин облуста чогулуштар, отуруштар жана жөнөкөй кечелер токтотуларын эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Нарын облусунда быйыл мектепти бүткөнүнө 20 жыл болгон классташтардын жолугушуусун өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Нарын шаары жана Ат-Башы району боюнча комендант Уланбек Аалиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, чектөөлөр боюнча билим берүү мекемелерине тапшырмалар берилген.

“Алдыда келе жаткан 1-май, 5-май, 9-май майрамдарында чогулбай карантин эрежелерин сактасак. Анткени бул оору аба аркылуу дагы жугат экен. Ошондой эле комендатура тарабынан билим берүү мекемелерине 5, 10 жана 20 жылдык чогулуштар өткөрүлбөсүн деген тапшырмаларды бердик. Муну туура түшүнүңүздөр, илдетти аягына чейин жеңебиз десек чогулуштарды, отуруштарды, жөнөкөй кечелерди убактылуу токтотуп туралы”, — деди Аалиев.

Ошондой эле ал коюлган чектөөлөрдү эл аткарат деген ишеним менен ыраазычылык билдирди.

Буга чейин Ош коменданты да аймакта 10 жана 20 жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынганын айткан болчу.

Белгилей кетсек, 1-майдан тарта Нарын шаары өзгөчө абал режиминен чыгарылат. Ал эми Ат-Башы районундагы кырдаал оор болгондуктан 10-майга чейин узартылды.

Коронавирустун кесепети

Ош коменданты быйыл мектепте 20 жылдыктар өтпөй турганын айтты
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 708ге жетип, анын жарымынан көбү, 416сы айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.