Кыргызстанда коронавирустан дагы 21 бейтап айыкты

Бир суткада айыккандардын ичинен үчөө Бишкектен, экөө Ош шаарынан, бирөө Ош облусунан, тогузу Жалал-Абад облусунан, бирөө Нарындан катталды.
Sputnik

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирустан дагы 21 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө COVID-19 инфекциясынан сакайып чыккандардын саны 416 болду.

"Бир суткада айыккандардын ичинен үчөө Бишкектен, экөө Ош шаарынан, бирөө Ош облусунан, тогузу Жалал-Абад облусунан, бирөө Нарындан", — деди Үсөнбаев.

Жашап кетерим күмөн эле. Коронавирусту жеңген 56 жаштагы медиктин маеги
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 708ге жетти. Анын ичинен 416сы айыгып, сегизи каза болгону айтылды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.