Орус-араб күчүнө каршы чыккан АКШ революциясы тизелеп калдыбы

Глобалдык каржылык элитанын күн тартибин чагылдырууга адистештирилген белдүү британ басылмаларынын бири Financial Times мунай рыногундагы түзүлгөн кырдаалда өз жагына кымындай болсо да жагымдуу жаңылыкты издөөгө мажбур.
Sputnik

Аталган басылма өз артыкчылыгынан улам окурмандарына россиялык экономика мунайдын төмөн наркынан жабыр тартууда деп жарыялап коюшу жетиштүү эмес дейт серепчи Иван Данилов. Анткени анын Атлантиканын аркы өйүзү менен берки жагындагы дөөлөттүү окурмандарын геосаясий аспектилер качан алардын жеке капчыгына таасир этпеген учурларда гана көңүлүн буруп, санаасын санга бөлөт. Натыйжада лондондук алдыңкы маалымат каражатынын редакциясындагы "гуманитардык жингоизмди" (Англиядагы "шовинисттик улутчулдук") жактыргандар да азыр баары начар нукта экенин моюнга алууга аргасыз, бирок жалпы Америка, анын ичинде америкалык сланецтик тармак кайсы бир кезде Россия менен Сауд Аравиясынан өч алат.

Ал эми азырынча жагдай, Financial Times басылмасынын жазганы боюнча, болжол менен төмөнкүдөй: америкалык мунай өндүрүшүнүн сланецтик сектору болуп көрбөгөндөй жабыр тартып, кордолуп жатат, бирок жаркын келечектен үмүт үзгүсү жок.

"Бир убакта Трамптын АКШнын Жакынкы Чыгышка болгон көз карандылыгы басаңдаганы менен мактанышына жол берген, Иран менен Россиянын энергия экспорттоочуларына санкция киргизүү үчүн кол-жолун бош койгон сланецтик тармак учурда тизелеп турган чагы", — деп белгилейт британдык басылманын талдоочулары.

Вашингтондон келчү мамлекеттик жардам кырдаалды кескин түрдө өзгөртөт деп ишенгендердин баарынын демин бир аз суутат жана ушул тапта "кандайдыр бир (мамлекеттик — ред.) колдоосуз болбостугун, бирок кандай жардам болбосун, АКШнын мунай тармагы соңку жылдары кандай ыргакта өссө, дал ошондой нукта артка кетет".

Мунайдын артынан газ каатчылыгы күтүп турабы? Келечекке божомол
Журналисттердин мындай баасын медиа өкүлдөрүнүн көбүртүп-жабыртууга, дүрбөлөңгө салууга ыктаганына шылтап коюуга да болмок, бирок эл аралык мунай өндүрүүчү жана мунай сатуучу компаниялардын өкүлдөрү мунай рыногунун келечегин сүрөттөөсүндө эмоция да орун албай койбойт.

Bloomberg агенттиги: "Дүйшөмбү (америкалык биржаларда мунай баасы терс болгон күнү – ред. тактоосу) чындап эле көпчүлүктүн көңүлүн өндүрүш ыргагын жайлатуу керек деген пикирге топтоду", — деп билдирет Trafigura Group мунай сатуу бөлүмүнүн тең төрагасы Бен Лакок. Мындан тышкары, мунун баары олуттуу экенин түшүнүү үчүн рынокко бул "бетке чапкандай" эле көрүнүш болгонун кошумчалады. Жалпылай карасак, бир бүтүн британдык-америкалык образ жаралат: сланецтик индустрия азыр тизелеп, кайра-кайра "жаакка жеп" турган да чагы. Мындай кырдаалда оптимизмди кантип табууга болот? Анүчүн АКШнын Council on Foreign Relations башкы аналитикалык борборунун атайын серепчилери бар. Financial Times мунай рыногу боюнча Council on Foreign Relations экспертинин көз карашын келтирет: "Эгер Россия менен Сауд Аравиясы алар (америкалыктар – ред.) сланецти жаап кое алышат деп ойлошсо, алар жаңылышат, — деп билдирет Эми Майерс Джаффе. — Алардын (сланецтик компаниялардын – ред.) колунан келгени – кожоюндарын алмаштырып коюу".

Сланецтик компаниялардын банкрот болуп-болбогону мааниге ээ эмес, болгону ээлери гана алмашат, жаңы кожоюндары мурдагылардын карызынын азабын тартпаган, АКШнын геосаясий кызыкчылыктары үчүн рынокту арзан мунайга толтурууну чын дили менен улантат. Көйгөйдүн баары ошол жаңы кожоюндар баягы кредиторлор эле болорунда (банктар же инвестициялык компаниялардан тарта пенсиялык фонддорго чейин), негизи дал ошолордун каржылоосу менен "сланецтик революция" өткөн.

Так ошол кредиторлордун акчасы мунай баасы жогору болуп турган убакта да каржылык көз караштан таптакыр натыйжасыз сланецтик өндүрүштө "жагылган".

Мунайдын арзандашы сомго жана КР экономикасына коркунуч келтиреби?
Эми ошол кредиторлорго кирешесинен да чыгымы көп кендер тийди, алар ишти улантса келечекте дагы бир топ акчасын жоготот. Башкача айтканда, мурдагы жоготууларга эми ар бир өндүрүлгөн мунай челегине кошумча чыгымдар кошулат.

Сланецтик компаниялардын ишин улантууга насыя берчү, алысты көрө албаган инвесторлордун кезектеги траншын капитал рыногунан табууга аракет кылып көрүүгө болот. Бирок бир топ эле кыйын, себеби сланецтин келечегине ишенген андай инвесторлор кошчусун кошуп бүттү. Эми дал ошолор жапырт банкроттук процессте бул мунай компанияларынын активдеринин калдыгына ээлик кылганы турат.

Эгер "сланецтик империянын" калдыктарын, тагыраак, урандыларын ири мунай компаниялары алса, мейли америкалык же эл аралык болсун, алар деле сланецтик өндүрүш көлөмүн өстүрөрү күмөн. Дал ушул тармак үчүн алардын өз акцияларынын баасы түшүп, алардын кожоюндарынын дивиденддери кесилген.

Энергетика министрлигинин (EIA) америкалык маалымат агенттиги берген баа боюнча, АКШ 2020-жылдын аягында мунайды нетто-импорттоочу макамын өзүнө кайтарат.

FT журналисттери оптимисттик сценарий катары мунайдын баррели 80 долларга чейин чыгып, АКШнын сланецтик сектору кайра тирденерин көрсөтүшөт. Чындап эле бул ишке ашчу сценарий экенин моюнга алуу керек, тек гана аны Эр-Рияд же Москванын утулушу катары кабыл албоо зарыл. Анткени баррелине 80 долларлык баа — Россия үчүн да, Сауд Арабиясы үчүн да, ОПЕКтин бөлөк мүчөлөрү үчүн да кыйла кызыгарлык, кирешелүү баа. ОПЕК+ келишиминин катышуучулары америкалык мунай өндүрүшүнүн бул сегментин "жок кылууну" эч качан көздөгөн эмес. Максат башкалардын акчасы үчүн демпинг кылуу менен алектенге жана бардык башка кен казуучуларга зыян келтирип жаткан америкалык компанияларды туура жолго салуу (же рыноктон сүрүп чыгаруу) гана болгон. Андай ишканалардын катарында сланецтик оюнга катышпаган ири америкалык компаниялар да болгон.

Мунай мунасасы: мындан аркы кадамдар кандай болот?
Кандайдыр бир мааниде "түз жолго сала" алышпады, бирок "сүрүп чыгаруу" жолу азырынча жаман эмес. Техастык Houston Chronicle гезити кабарлагандай, "Техастагы мунай скважинасын "тарыхый" өчүрүү башталды". Иш жүзүндө байкалгандай, азыркы каатчылык жетиштүү болбой калышы ыктымал. Ошондо рынок сланецтик компанияларды буттан чалышы мүмкүн. Алардын бекемдиги бир ай мурун жар салынган билдирүүлөргө шайкеш келбегени айкын болуп калды. Балким америкалык сланецтин революциялардан бир аз эс алып, рынокко таптакыр башка баа, бардык өндүрүшчүлөрдүн көңүлүнө төп келчү нарк катталган убакта кайтканы оң чыгар.