Элден чогулган акча: медиктерге дагы канча кошумча маяна керектиги эсептелет

Азыркы тапта Саламаттык сактоо министрлигинин атына ачылган эсепке элден 133 миллион 352 миң сом чогулду.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке түшкөн каражатты бөлүштүрүү боюнча комиссия медиктердин маянасына кошумча каражат которуу маселесин карады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анда комиссиянын төрайымы, вице-премьер Аида Исмаилова кырдаалга жараша ыкчам чечимдерди кабыл алуу талап кылынып жатканын белгилеген.

Андан соң комиссия мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков медицина кызматкерлерине кошумча эмгек акы чегерүү жана эң кооптуу тилкеде иштегендерге өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирген.

Ыйлатат! Казакстанда COVID-19 менен күрөшкөн медиктер тууралуу тасма тартылды
Ал эми жарандык сектордун айрым өкүлдөрү жеке коргонуучу каражаттарды сатып алуу зарылдыгын айтышкан.

Жыйынтыгында комиссия тараптан Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19 жуктургандарды аныктоо жана дарылоо процессине тартылган медиктерге кошумча төлөмдөр үчүн талап кылынган сумманы эсептөө тапшырылган.

Белгилей кетсек, учурда Саламаттык сактоо министрлигинин атына ачылган эсепке 133 миллион 352 миң сом чогулду. Ал каражаттын буга чейин 38,8 миллион сому медиктерге кошумча эмгек акы берүүгө бөлүнгөн.