Бишкек коменданты географияны мыкты билген жаранды таап, жардам берди

Комендант жаранга азык-түлүк берген. Ошондой эле өздүгүн тастыктаган документ алууга кол кабыш кыларын убадалады.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. – Sputnik. Бишкек шаарынын коменданты колдоо көрсөтүү максатында издеп жаткан туруктуу үй-жайы жок Кайрат аттуу жаран табылганын Facebook баракчасына жазды.

Ал анын жүргөн жерин аныктоого кол кабыш кылгандарга ыраазычылык билдирди.

"Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Сиздердин жардамыңыздар менен бүгүн Кайрат аттуу жаранга жолуктук. Колдооңуздарга ыраазычылык билдирем. Ушул оор күндөрдө бири-бирибизге жардам көрсөтүп туралы", — деди комендант.

Белгилей кетсек, буга чейин соцтармакка видео тараган, анын каарманы география боюнча билими менен элди таң калтырган.

Ал эми борбор калаанын коменданты үй-жайы жок адамдын энциклопедиялык билими аны дагы таң калтырганын айтып, жардам берүү үчүн издеп жатканын билдирген.

"Бул кишинин ачык көңүлдүүлүгүнө жана мээримдүүлүгүнө баа бердим. Себеби берилген азык-түлүктөрдү жакындарына алып барып, муктаж болгондор менен бөлүшөрүн айтты", —  деди Орозалиев.

Ал ошондой эле жаранга өздүгүн тастыктоочу документтерди алууга жардам берилерин кошумчалады.