Жеңишке жакындадык! Бишкек коменданты кубануу менен жакшы жаңылык айтты

Комендант көрүлгөн чаралар бекеринен эмес экенин белгилеп, илдет менен ушундай тартипте күрөшүүгө чыкырды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда калаа тургундарына өлкөдө коронавирустан айыккандар көбөйүп жатканын кубануу менен билдирди.

Комендант буга чейинки көрүлгөн чаралар бекеринен болбогонун белгилеп, шаардыктарды илдет менен ушундай тартипте күрөшүүгө чыкырды.

“Урматтуу шаардыктар, бүгүн бизде жакшы жаңылык. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жарымынан көбү айыкты. Бул көрүнбөгөн душман, коркунучтуу вирус менен күрөшүүдө жеңишке жакындаганыбыздан үмүт берет. Жасалган иштердин жана медиктердин, милиционерлердин, социалдык кызматкерлердин эмгеги текке кетпегенин көрсөтүүдө. Бул баарыбыз кооптуу вируска жоопкерчиликтүү мамиле кылганыбыздын жемиши деп эсептейм. Ошондой эле биз күн сайын ынтымактуу жана биримдиктүү болуп баратабыз. Келгиле, ушундай нукта күрөштү уланталы”, — деди Орозалиев.

Жалал-Абад: дарыгерлер коронавирус жуктурган кош бойлуу келинди айыктырды
Аны менен катар эле комендант эрежелерге токтолуп, колду тез-тез жууп, антисептиктерди колдонуп, үйдүн ичин желдетип, жүйөлүү себепсиз сыртка чыкпоону эскертти.

“Биз жеңишке жакындап калдык! Азыр муңайып калбашыбыз керек, жеңиш биз тарапта болот!” — деди комендант.

Белгилей кетсек, бүгүнкү статистика боюнча, борбор калаада COVID-19 жуктургандардын саны 164кө жетип, өлкө аймактарынын ичиненен биринчи орунга чыкты.

Коронавирустун кесепети

Кытайдан келген дарыгерлер кыргыз медиктерине кандай баа бергени айтылды
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 695ке жетип, анын жарымынан көбү, 395и айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.