Өткөн суткада оору жуккан 5 медиктин үчөө №3 эмкананын дарыгерлери

Кыргызстан боюнча COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлердин саны 180ге жетти. Ал эми оору жугузгандар жалпы 682 адам болду.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. – Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада беш медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында кабарлады.

“3 дарыгер – Бишкек, бирөө – Жалал-Абад, бирөө Нарын облусунан табылды. Бишкектеги медиктер №3 эмкананын дарыгерлери”, - деди Үсөнбаев.

Муну менен инфекцияны жуктуруп алган дарыгерлердин саны 180ге жетти.

Ал эми Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккан дагы 17 учур катталып, жалпы саны ушуну менен 682ге жетти.