Бишкекте COVID-19 жуктургандар көбөйүп жатат. Аймактар боюнча статистика

26-апрелге карата жалпы катталган учурлардын саны 682ге жетти. Анын ичненен 367си аял киши, 315и эркек.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Борбор калаада коронавирус жуктурганы аныкталган адамдар көбүрөөк катталууда. Бул туурасында Республикалык штабдын маалыматында жазылат.

26-апрелге карата жалпы катталган учурлардын саны 682ге жетти. Анын ичинен 367си аял киши, 315и эркек. Бишкек шаарында илдетке кабылгандар вирустун очогу болгон Ош облусундагы сандар менен теңелип калды.

Аймактар боюнча жуктургандардын саны:

  • Ош облусунда — 159;
  • Бишкек шаарында — 158;
  • Жалал-Абад облусунда — 111;
  • Ош шаарында — 109;
  • Нарын облусунда — 85;
  • Чүй облусунда — 44;
  • Баткен облусунда — 8;
  • Ысык-Көл облусунда — 8.

Ал эми Талас облусунда бир да учур каттала элек.

Маалыматтарга караганда, COVID-19 жугузуп алган жаш балдар көбүрөөк катталып жатканы байкалууда. Бирок алардын баарынын абалы туруктуу экени айтылат.

Жаш курагы боюнча төмөндөгүдөй:

  • 15-жашка чейинки балдар — 81, анын төртө бир жашка чыга эле ымыркай;
  • 16-19 жаштагылар — 19;
  • 20-35 жаштагылар — 186;
  • 36-55 жаштагылар — 246;
  • 56 жаштан жогоркулар — 150.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 25 бейтап айыкты. Алар жашаган аймактар
Азыркы тапта COVID-19 жуктурган адамдар менен байланышта болгондордун саны 2 706ны түзөт. Обсервация жайларында 1183 киши жатат.

Белгилей кетсек, илдетке чалдыккандардын жарымынан көбү, тагыраак айтканда, 370 адам айыгып чыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алып кетти.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.