Тажикстанда мектеп, бакчанын баары жабылды. Министрлик себебин айтты

Мектеп окуучуларына кезексиз каникул жарыяланды. Ал эми жогорку окуу жайлар качан жабылары азырынча белгисиз.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Тажикстанда мектеп, бала бакчалардын бардыгы жабылды. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлаганын Sputnik Тажикстан жазды.

Билдирүүгө ылайык, мектепке чейинки мекемелер, орто мектептер, башталгыч кесиптик мектептер, орто кесиптик мектептер 27-апрелден 10-майга чейин иштебейт.

"Мектеп окуучуларына кезексиз каникул жарыяланды. Ал эми жогорку окуу жайлар качан жабылары азырынча белгисиз", — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы мектептерди жапкан себебин түшүндүрдү.

БУУ ачкачылык болорун болжоп жатат. Кыргызстан апаатка туруштук бере алабы?
"Бул карантин эмес, убактылуу каникул. Өлкөдө коронавирус эпидемиясы жок. Анткен менен каникул учурунда биз ооруну алдын алуу үчүн мектеп, бала бакчаларды дезинфекция кылабыз", — деген маалымат катчы Эхсон Хушбахт.

Белгилей кетсек, Тажикстанда коронавирус жуктурган бир да учур каттала элек. Баса, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттеринен турган делегация коронавирус каттала элек Тажикстан менен Түркмөнстанга барары айтылган. Адистер аталган өлкөлөрдө коронавирустун бар-жогун текшерет.