ЖМК: Кытай Ким Чен Ынды көрүп келүүгө өз медиктерин жөнөттү

Буга чейин CNN телеканалы өздүк булактарына таянып, АКШ Ким Чен Ындын абалы операциядан кийин кескин начарлап кеткени боюнча чалгындоонун маалыматтарын изилдеп жатканын кабарлаган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кытай бийлиги Пхеньянга ден соолугу начарлады деп айтылып жаткан Түндүк Корея лидери Ким Чен Ынды консультациялоо үчүн медиктерден турган делегация жөнөттү. Бул тууралуу Рейтер агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Трамп: Ким Чен Ындын абалы начарлаганы тууралуу маалымат орунсуз
Маалыматка караганда, Кытай делегациясын өлкөнүн Коммунисттик партиясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн кадыр-барктуу өкүлү жетектеп кетти. Алар Түштүк Кореяга 23-апрель күнү жөнөтүлгөн.

Буга чейин CNN телеканалы өздүк булактарына таянып, АКШ Ким Чен Ындын абалы операциядан кийин кескин начарлап кеткени боюнча чалгындоонун маалыматтарын изилдеп жатканын кабарлаган. Андан соң Түндүк Кореяда мамлекет башчынын ордуна Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон даярдалып жатканы айтылган.

Көп өтпөй АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидеринин саламаттыгы начарлады деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген эле.